Жаңылыктар
07.08.2024 13:19
Кароолор: 1039
НООКАТ РАЙОНУНДА ЭЛДИК ЖЫЙЫН ӨТТҮ
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрлан Мусаев жана башка бийлик өкүлдөрү Ноокат районунун эли менен жолугушту.
Анда жергиликтүү жашоочулар сел катталган аймактардагы тазалоо иштерине ӨКМге ыраазычылык билдирип, Ноокат районундагы сел сайларынын нугун буруу боюнча жана дамба куруу боюнча сунуштар айтылды.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ӨКМге Ноокат районунда сел каналдарын нугун буруу үчүн капиталдык курулуш боюнча долбоор түзүү боюнча тапшырмасын коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР