Жаңылыктар

08.07.2025 10:54

   Кароолор: 18

НИДЕРЛАНДИЯЛЫК ТУРИСТ КУТКАРУУЧУЛАРГА ЫРААЗЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ

Бул жолу куткаруучулар Чүйдүн "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркын Жарылган-Жүрөк тоосунун нидерландиялык 45 жаштагы Helma Wardenaar аттуу аялга жардам көрсөтүлдү. Турист тоо боорунда жыгылып, колун чыгарып алган.

ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун 5 куткаруучусу чет элдик туристке биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткиришкен.

Хелма айым кыргызстандык жардам көрсөткөндөргө төмөнкүчө ыраазычылык билдирди:

“Урматтуу тоодогу куткаруу кызматкерлери!

Мага тоодон түшүүгө жардам бергениңиздер үчүн чоң рахмат.

Мен Кыргызстанды сүйөм – бул жердегилер укмуштуудай боорукер экен.

Мен ийинимди чыгарып алдым, баарыңар мага жардам берип жатасыңар, мен муну абдан баалайм”, - дейт эс алуучу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу