Жаңылыктар

08.11.2025 15:07

   Кароолор: 12

НЕКРОЛОГ: ӨКМ адагери Джолдошбай Аманбеков дүйнө салды

Аманбеков Джолдошбай Джаманбаевич 1953-жылдын 7-апрелинде Токтогул районунда туулган.

Орто билимге ээ болгон соң химия адистигине ээ болуу менен катар эле жогорку аскердик окуу жайын аяктап, аскердик кызматын Россия, Тажикстан жана Казакстан республикаларында улантат. Взвод командиринен полк командирине чейинки кызмат ордуна жетет.

Тажик Республикасында кызмат өтөп жүрүп, билимин жогорулатуу максатында Россиядагы атайын академияны да бүтүрүп, 1986-жылы Чернобыль апаатын жоюуга да тартылган.

Эгемендик алган жылдары өлкөбүзгө Жарандык коргоо жаатында адистер керек болгондуктан, алгачкылардан болуп 1992-жылы өлкөбүзгө кызмат өтөөгө чакыртылат.

Адегенде эле Жарандык коргонуу штабынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын жетектөө менен баштап, 6 жыл кызмат өтөгөн.

Андан кийин:

- 1998-жылдан 2000-жылга чейин Жарандык коргонуу штабынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2000-жылдан 2002-жылга чейин Жарандык коргонуу штабынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2002-жылдан 2003-жылга чейин Жарандык коргонуу штабынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2003-жылдан 2005-жылга чейин кайрадан Жарандык коргонуу штабынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы кызмат ордун аркалап, элине тактыктуу кызмат өтөгөн.

2005-жылдын апрель айында ардактуу эс алууга чыгып, 2009-жылга чейин ушул тармакта жарандык жумуш ордунда эмгектенип келген.

2009-жылдан 2015-жылга чейин Жалал-Абад облустук Чернобылчылар союзун жетектеп, ак ниет эмгеги үчүн бир канча мамлекеттик сыйлык, медаль жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ардактуу эс алууда болсо да жаштарга дайыма кеп-кеңешин аябай, майрамдык иш-чараларда төрдүн көркү эле.

Сиздин эл-жер үчүн жасаган ак кызматыңыз, адамгерчилик бийик сапаттарыңыз унутулбайт. Жайыңыз жайлуу, барган жериңиз бейиш болсун.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Джолдошбай Аманбековдун үй-бүлө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу