Жаңылыктар
26.04.2024 15:15
Кароолор: 219
НАРЫНДЫН КУЛАНАГЫНДА 2 ҮЙДҮ СЕЛ КАПТАГАН
Нарын облусунун Нарын районунда саат 9:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан сел жүрдү.
Такталган маалыматка ылайык 2 турак үйдүн короосун (анын ичинен 1 үйдүн жер төлөөсүнө) жана №86 кесиптик лицейдин жылуулук түтүкчөсүн каптап жерге сиңип кеткен.
Ошондой эле 8 га көп жылдык чөп айдоо аянтын каптап, жерге сиңип кеткен. Жерине Нарын РМАнын башчысы-акимдин орун басары жана ӨКМдин Нарын райондук ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, айыл аймактын 5 кызматкери, 1 жүктөгүч, Кызыл жарым ай коомунан 5 адам тартылып, тактоо жана сел суулардын нугун буруу иш-чараларын жүргүзүшкөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР