Жаңылыктар
13.09.2023 10:07
Кароолор: 1002
Нарындын алыскы айылдарындагы мектептерде өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүрдү
Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Нарын регионалдык өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистери окуу жылынын башталышы менен пландын негизинде, Нарын районунун алыскы аймактарында жайгашкан Кара-Кужур, Лахол, Жер-Көчкү,
Оорук-Там айылдарындагы мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлерине өрт кырсыктарын алдын алууну жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу эрежелери үйрөтүлдү. Ошондой эле мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугу үчүн өрт коопсуздугу боюнча нускамалар өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР