Жаңылыктар
03.10.2023 11:30
Кароолор: 88
Нарындык жаш куткаруучулар күч сынашты
Өткөн апта соңунда "5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата табыгый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүүдө тажрыйбаларды калкка жайылтуу максатында райондо жеңген 6 орто мектептин командалары Нарын облусунун борборунда “Жаш куткаруучу” сынак боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында түзүлгөн комиссия протоколдук чечими менен жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар аныкташып, жаш куткаруучу командалар сыйланды.
Сынактын жыйнтыгы менен республикалык таймашка катышуучу команда аныкталды .
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР