Жаңылыктар

25.04.2024 15:21

   Кароолор: 316

НАРЫНДЫК КУТКАРУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кечээ ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын демилгеси менен облус аймагындагы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – өздүк курам ортосундагы достук мамилени чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана ден соолугун бекемдөө. Куткаруучулар арасында кичи футбол, волейбол жана аркан тартыш түрлөрү боюнча таймашып, күчтүүлөрү алдыга озушту.

Жеңүүчүлөр атайын медаль, кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Кичи футбол:

1-орунду Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;

2-орунду Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;

3-орунду ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы ээледи.

Волейбол оюну:

1-орунду Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;

2-орунду КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы;

3-орунду Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү багындырды.

Аркан тартыш:

1-орунду Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү

2-орунду Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү

3-орунду Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү камсыз кылышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу