Жаңылыктар

06.08.2024 14:48

   Кароолор: 494

НАРЫНДА ТОО КӨЛДӨРҮНӨ ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Нарын облусундагы жырылып кетүү кооптуулугу бар бийик тоо көлдөрүнө байкоо жана изилдөө жүргүзүлдү.

Алсак, облустун Жумгал районундагы Ак-Көл көлү, Кочкор районундагы Көл-Үкөк, Көл-Төр, Жогорку Көл-Үкөк, Шамшы, Бузулган-Суу, Каракум көлдөрүнө топтолуп жаткан суунун көлөмү жана табигый тосмолордун өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүлдү.

Ага ылайык, учурда көлдөрдөгү суунун көлөмү туруктуу жана табигый тосмосунан жырылып кетүү коркунучу жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу