Жаңылыктар
16.04.2025 10:10
Кароолор: 237
НАРЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ БАШТАЛДЫ
Нарын облусунун аймагында бүгүн, 14-апрелде “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери” (Жер титирөө) темасында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги менен республикалык команда-штабдык машыгуу башталды.
Президент – КР Жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген “2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планынын” негизинде өткөрүлүп жаткан машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын иш-аракеттерин уюштуруу жана эвакуация пландарынын толуктугун аныктоо,
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү, жабыркаган адамдарды кабыл алуу, аларды коопсуз жайга жайгаштыруу жана аларды ар тараптуу камсыздоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды практикалык түрдө аткарууну уюштуруу.
Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу багытында тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын иш аракеттерин тескөө боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүү, машыгууда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып баруу болуп саналат.
Машыгууга КР министрликтери жана ведомстволору – Жарандык коргонуу кызматтары, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, райондук мамлекеттик администрациялары, шаар мэриялары, кошуундары, түзүмдөрү, билим берүү мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү калк катышууда.
Ошондой эле ӨКМдин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрү, аскердик башкаруу органынын ыкчам топтору (макулдашуу менен) катышып жатышат.
Белгилей кетсек, иш-чара 16-апрелден 18-апрелге чейин өткөрүлөт, калган этаптары машыгуунун жүрүшү менен берилип турат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР