Жаңылыктар
03.11.2024 22:10
Кароолор: 360
НАРЫНДА ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ИШИ ЭРТЕҢ УЛАНТЫЛАТ
Нарын дарыясына сууга секирип кеткен өспүрүм кызды издөө иштеринин жүрүшүндө Ак-Талаа райондук ӨКБдан дагы 5 куткаруучу кошулуп, жалпы 82 адам издөө иштерин жүргүздү.
Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши 17:50дө убактылуу токтотулду, эртең 4-ноябрь күнү улантылат.
Белгилей кетсек, кечээ 2-ноябрь күнү 18:00 чамасында Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөөдөн Нарын дарыясына өспүрүм кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ күнү ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер жалпы 87 адам издөө иштерин 21:55 чейин жүргүзгөн.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР