Жаңылыктар

22.10.2024 11:27

   Кароолор: 254

НАРЫНДА МАЛ КАЙТАРЫП ЖҮРҮП ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОНДОР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылында жайлоодо мал кайтарып жүрүп дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургунду издөө иштери бүгүн да улантылууда. Ага ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 12 жана №44 ӨКБдан 6, жалпы 18 куткаруучу тартылды.

Кошумча ички иштер кызматкерлеринен 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 жалпы 93 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилейт кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. 

Ошондон бери издөө иштери жүрүүдө. Кечээ, 21-октябрда ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 23 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 73 жалпы 111 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу