Жаңылыктар

12.11.2024 09:42

   Кароолор: 393

НАРЫНДА КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ИШИ БАШТАЛДЫ

Нарын дарыясына секирип кетип дайынсыз жоголуп жаткан 17 жаштагы кызды издөөгө бүгүн, 12-ноябрда ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жалпы 30 адам чыкты. Ага кошумча 5 дүрбү, 2 автоунаа тартылды.

Издөө иштерин биринчи топ Нарындагы Актал-Чат көпүрөсүнөн баштап, Тоголок-Молдону көздөй суу жээги менен жүргүзөт. Экинчи топ Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан Жан-Булак айылын көздөй улантат.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат 2-ноябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу