Жаңылыктар
14.11.2024 19:42
Кароолор: 374
НАРЫНДА КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Нарын шаарында көпүрөдөн боюн таштаган кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулду. Эртең, 15-ноябрь күнү улантылат.
Бүгүн издөөгө ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 29 адам жана 6 дүрбү, 2 авариялык куткаруу унаасы тартылды.
Алар Жылан-Арык айылынан баштап Актал-Чатты көздөй жана 8-Март айылынан Нарын шаары тарапка суу жээктеп издөө иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 2-ноябрында Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери изделүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР