Жаңылыктар
05.10.2024 12:53
Кароолор: 710
НАРЫНДА КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК-АГАРТУУ ИШ ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 5-октябрда “Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата Нарын шаарында салтанаттуу жүрүш менен коштолгон майрамдык агартуу иш чарасы өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун буйругу менен жарыяланган бир айлыктын алкагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин мүмкүн болушунча максималдуу азайтууга, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоого, материалдык зыяндардын өлчөмүн азайтууга, ошондой эле табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү багытындагы маалыматтарды, билим-тажрыйбаларды калкка жеткирүүгө, өзгөчө кырдаалдарга калктын иш-аракеттерин системалаштырууга багытталган иш чаралар өткөрүлүүдө.
Бүгүн КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган жетекчилер, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын, Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жамааттары, студенттер, окуучулар катышты.
Иш чарада КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров бир айлык акциянын максатына токтолуу менен:
“Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнөн улам жылдан жылга жер көчкүлөр, суу ташкындары сыяктуу табигый кырсыктар көбөйүүдө.
Кырсыктардын алдын алуу багытында облустун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан табигый кооптуу кубулуштардан жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу, турак-жай, социалдык обьектилерди коргоо багытында бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Жылдан жылга техникалык базаларыбыз чыңдалып, облус аймагындагы кооптуу аймактарда алдын алуу жумуштары жүргүзүлгөндүктөн бир катар кырсыктардын тобокелдигин жоюуга мүмкүнчүлүктөр болду.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтууда өлкөбүздун ар бир жараны куткарууга жана жардам көрсөтүүгө, зыян келтирүүчү таасирлердин очогун чектөөгө жана токтотууга, кийинки зыян келтирүүчү факторлордун келип чыгышынын алдын алууга, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоого салымдарын кошуулары зарыл”, - деп белгиледи.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы А.Сулайманов, Нарын шаарынын мэри К.Тутуев кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында аткарылып жаткан жумуштарга токтолушту.
Иш чарада табигый жана техногендик кырсыктардан адам өмүрлөрүн сактап калуу учурлары тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү. Калк арасында өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү боюнча суроо-жооп сынагы өткөрүлүп, маалыматтар берилди. Ошондой эле Нарын шаарында жана Нарын районунда өткөрүлгөн “Жаш куткаруучу” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
(Малымат, сүрөттөр Президенттин Нарын облустук өкүлчүлүгүнөн алынды)