Жаңылыктар

24.03.2025 22:40

   Кароолор: 382

НАРЫНДА КУТКАРУУЧУЛАР СУУНУН НУГУН БУРУП, ТУРАК ҮЙЛӨРДҮ КОРГООГО АЛЫШУУДА

Бүгүн, 24-мартта саат 17:00 чамасында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-кайынды а.а. Талды-Суу айылында 1 турак үйдүн короо жайын күндүн жылышынан улам карлар эрип, суу каптаган.

Жерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетектөөсүндө жалпы 14 куткаруучу Ат-Башы райондук N20 ЖТИдан 1 грейдер, Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.

Куткаруучулар ыкчам түрдө турак үйдү каптап жаткан суунун нугун бурууга жетишип, учурда Талды-Суу айылынын түштүк тарабындагы коктудан топтолуп келүүчү суунун нугун буруу ишин жүргүзүүдө. Мындан сырткары Ат-Башы райондук N20 ЖТИ тарабынан Ат-Башы — Өзгөрүш унаа жолунун 31-чакырымынын суу жеп кетүү коркунучу бар айрым бөлүктөрүндө алдын алуу иштери жүргүзүлдү, унаа каттамы ачык, зыян келтирилген жок.

Иш эртең да уланат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу