Жаңылыктар
13.11.2024 18:40
Кароолор: 122
НАРЫНДА ИЗДӨӨ ИШИ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Нарын дарыясына Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан кызды издөө кеч киргендигине байланыштуу токтотулду. Эртең, 14-ноябрда улантылат.
Бүгүн издөө ишине ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 адам, жалпы 27 адам тартылды.
Издөө иштери ӨК министри, генера-майор Бообек Ажикеевдин өз көзөмөлүндө жүрүүдө.
Куткаруучулар Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан баштап Жаң-Булак айылын көздөй жана Актал-Чат көпүрөсүнөн Тоголок-Молдо тилкесине чейин издөө иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 2-ноябрында Нарын дарыясына көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу 17 жаштагы кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери изделүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР