Жаңылыктар

12.05.2025 14:30

   Кароолор: 8

НАРЫНДА ЭКИНЧИ ИРЕТ ЖЕР ТИТИРЕДИ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 12:38де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш айылдарында 3,5 балл, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга (Жаңы-Талап айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Ак-Кыя айылынан 9 чакырым түндүк чыгышта, Баетов айылынан 28 чакырым түндүк батышта, Нарын шаары 88 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу