Жаңылыктар
05.06.2025 16:33
Кароолор: 125
НАРЫНДА 4 БАЛЛГА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 16:18дө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылдарында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга (Кара-Булак айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышка, Ак-Бейит айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Казыбек айылынан 28 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 29 чакырым түштүк-батышта, Кара-Булуң айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 79 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн алдын ала маалыматка ылайык жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР