Жаңылыктар
23.09.2024 09:33
Кароолор: 248
НАРЫНДА 3 БАЛЛГА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 05:34тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=7.9).
Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР