Жаңылыктар

10.11.2024 08:47

   Кароолор: 127

НАРЫНДА 23 АДАМ ИЗДӨӨ ИШИНЕ ТАРТЫЛДЫ


Бүгүн, 10-ноябрь күнү издөө  КР ӨКМнин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ИИМден 7 кызматкер, жалпы  23 адам тартылды.  Ак-Талаа райондук куткаруучулар 2 топко бөлүнүп, Ак-Тал айылынан баштап Нарын дарыясын жээктеп батышты карай Үгүт айылын көздөй издеп жатышат.
Нарын шаарынын куткаруучуларынын биринчи тобу Жаңы-Жол тилкесинен Ак-Кыя тилкесин көздөй Нарын дарыясын жээктеп батышты, экинчи топ Ак-Кыя тилкесинен Жаңы-Жол тилкесин көздөй Нарын дарыясын жээктеп чыгышты көздөй издөө иштерин жүргүзүшүүдө.
                                                                                                   
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу