Жаңылыктар

25.10.2024 12:00

   Кароолор: 330

НАРЫН: ЖУМГАЛДА САЙ НУГУ ТАЗАЛАНУУДА

Табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктын кесепеттерин жоюуга караганда, анын алдын алуу алда канча жеңил.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкө аймагында сел кесепеттеринин алдын алуу, сайдын нуктарын тазалоо, бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө.

Тазалоо, бекемдөө иштеринин негизги максаты – элдүү аймактарды селден коргоо, материалдык чыгымдарды жаратпоо.

Мындан улам 2024-жылдын “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш мерчемине ылайык Нарын облусунун Жумгал районундагы Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Базар-Турук сайынын 1200 метр аралыгы механикалык жол менен нугун тазалоо жана жээк бекемдөө долбоору сунушталган.

Бүгүнкү күндө нугу жоголгон сайдын 500 метрин тазалоо жана жээк бекемдөө жумушу аткарылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу