Жаңылыктар

21.10.2024 11:18

   Кароолор: 197

НАРЫН: ЖУМГАЛДА МАЛ КАЙТАРЫП ЖҮРҮП, ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН 2 ТУРГУН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан эки тургунду издөө иштери бүгүн, 21-октябрь күнү да улантылууда. Ага райондук №43 ӨКБдан 7, №44 ӨКБдан 5 жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 97 адам тартылды.

Белгилей кетсек, Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү түшкөн.

Ошол убактан бери жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарынан натыйжа болгон эмес.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу