Жаңылыктар
29.10.2024 12:04
Кароолор: 683
НАРЫН: ЖУМГАЛДА ДАЙЫНСЫЗ ТУРГУНДАРДЫ ИЗДӨӨГӨ КОШУМЧА КҮЧ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 29-октябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында дайынсыз болуп жаткан эки жергиликтүү тургунду издөө иштерин күчөтүү максатында ӨКМ тарабынан 46 куткаруучу жана 6 дрон жөнөтүлдү.
Мындан сырткары ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 94 адам, 6 дрон тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР