Жаңылыктар

19.08.2023 13:45

   Кароолор: 246

Нарын: Жаратылышта өрт коопсуздугун сактоо үчүн өрт-тактикалык машыгуусу өттү

Кечээ, 18-августта Нарын облусунун Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана райондогу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы менен биргеликте талааларда, токойлордо, тоо этектеринде өрт кырсыктарынын алдын алуу иштерин күчөтүү максатында өрт тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.

Машыгууга токой чарбасынан 6 кызматкер, Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 кызматкер катышышты. Машыгуунун жүрүшүндө кызматкерлер бири-бири менен тажрыйба алмашышып, кесипкөйлүүлүгүн жогорулатышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу