Жаңылыктар
09.08.2024 14:00
Кароолор: 342
НАРЫН: ТОЮТ ТОПТООДО ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗ!
Дыйкандар кыш камын көрүп, тоют топтоп жаткан учуру. Баарыбыз билгендей, кургак чөпкө жалын тийсе көз ачып жумганча күйүп кетет. Бирок ири өрткө жол ачарын эсибизден чыгарбайлы
Чөп жыйноо, таңгактоо өнөктүгүндө өрт коопсуздук эрежелерин так сактайлы.
Кырсыктын алдын алууну Жумгал районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары дыйкандар, трактористер жана жергиликтүү элдерге түшүндүрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР