Жаңылыктар
01.08.2024 15:23
Кароолор: 378
НАРЫН: ТОЮТ ТОПТООДО ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАЙЛЫ!
Ат-Башы районунун аймагында тоют топтоо кызуу жүрүп жаткандыктан, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде көп жылдык чөп жана эгин аянттарында дыйкандар, трактористтер жана жергиликтүү элдер менен сүйлөшүштү.
Айдоочуларга айдоо талааларында иштөө эрежелерин түшүндүрүштү.
Маселен, чегилген чылым калдыктарын өчүрүү, жол жээгиндеги куураган чөптөрдү өз убагында оруп-жыйноо жана техникалык коопсуздуктарын сактоого чакырышты.
Ошондой эле техникалардын коопсуздук шаймандарынын бар экенине көзөмөл, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР