Жаңылыктар
01.11.2023 12:46
Кароолор: 648
НАРЫН: ТОЙКАНАЛАР ЖАНА ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙЛАР ТЕКШЕРИЛДИ
Кечээ, 31-октябрда Нарын шаардык жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте Өрт көзөмөлдөө кызматкерлери шаардагы тойканаларда жана тамактануучу жайларда өрт кооптуулугунун алдын алуу максатында текшерилди.
Эл көп чогулган жайларда, тойканадагы көз жоосун алган кооздуктарды менен фейерверктерди колдонбоону эскертишти.
Ал эми тейлөөчүлөргө алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу, тегногендик жана табигый кырдаалдар жаралганда өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР