Жаңылыктар
25.03.2025 19:14
Кароолор: 150
НАРЫН: ТАЛДЫ-БУЛАК ЖАНА БОЛЬШЕВИК АЙЫЛДАРЫНДА СУУ КАПТОО КОРКУНУЧУ ЖОЮЛДУ
Бүгүн, 25-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында тартылган күч-каражаттын жардамында 500 метр арыктар тазаланып, 250 кап кум менен суунун нугун буруу иштери жүргүзүлдү.
Учурда суу каптоо коркунучу жоюлду.
Ал эми Большевик айылында 600 метр канал тазаланып, 100 кап кум менен жээк бекемдөө иштери жүргүзүлдү жана суу каптоо коркунучу жоюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР