Жаңылыктар

20.02.2025 15:38

   Кароолор: 215

НАРЫН: СОЦИАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ӨРТКӨ КАРШЫ ДАЯРДЫКТАРЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Кечээ, 19-февралда ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Өрттү көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин өрткө каршы даярдыктарын текшерүүгө алышты.

Социалдык имараттардын өрт коопсуздук абалын кароо менен эреже бузуулар боюнча ооруканалардын техникалык коопсуздук боюнча жооптуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле эл көп каттаган социалдык мекемелерде өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектиги, тиешелүү талаптарды сактоо менен өрт өчүрүү каражаттары ар дайым дайын турушу зарылдыгы белгиленип, коркунуч жараткан айрым одоно бузуулар боюнча эскертүүлөр берилип, аларды жоюу талаптары коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу