Жаңылыктар
10.05.2024 18:02
Кароолор: 61
НАРЫН РАЙОНУНДА АТАЙЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын 2024-жылга карата "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчеминин негизинде Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы Куланак айылында Кур-Кокту жылгасынан түшкөн сел өтүүчү каналдын нугун кеңейтүү, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Алсак, Куланак айылында 2 объектте иш жүргүзүлөт. Кур-Кокту сел өтүүчү каналынын тазлануучу 850 метр, ал эми Кур-Жылга – 2 коктусунун 1100 метри тазаланат. Аталаган жумуштардын жыйынтыгында 85 турак жай, 1 кесиптик лицей корголот.
Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга ылайык Нарын облусунун аймагында 15 объектте коргоо жумуштары жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР