Жаңылыктар
27.10.2023 14:46
Кароолор: 544
НАРЫН: РАЙОНДУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жарандык коргонуу башчысы бекиткен "2023-жылга карата даярдык" планынын алкагында 26-27-октябрь күндөрү Кочкор районунун Жарандык коргонуу кызматтарына жалпы баалоо жүргүзүлдү.
Ага райондук ЖК башкаруу курамы, ЖК комиссиясы жана айыл аймактары, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук түзүмдөр тартылды.
Кочкор районунун Жарандык коргонуу абалын баалоо боюнча жыйынтыктоочу иш-чарасында Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын кызмат адамдарынан түзүлгөн комиссиясы жеринде иш алып барды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР