Жаңылыктар
07.04.2025 21:44
Кароолор: 125
НАРЫН – ӨРҮК-ТАМ ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ
Бүгүн Нарын облусунун Нарын районунда алдын ала маалымат боюнча саат 15:30 чамасында Нарын – Өрүк-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.
Бактыга жараша табигый кубулуштан жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар Өрүк-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат.
Кар көчкүнү тазалоонун жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР