Жаңылыктар
22.05.2024 09:46
Кароолор: 478
НАРЫН: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН ТАК САКТАҢЫЗ!
Жай мезгили жакындап, өрт кооптуулугу жогорулайт. Андыктан ӨКМдин аймактагы башкармалыктары жер-жерлерде өрт коопсуздугун, эрежелерди сактоону байма-бай өткөрүп жатышат.
Бул жолу 21-майда Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Миң-Булак айылынын Актан Тыныбеков орто мектебинин окуучулары менен өрт кырсыгынын алдын алуу ачык сабагын өткөрүштү.
Өрт кырсыгын болтурбоону, кырсык катталса өзүн алып жүрүү эрежелерин жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонууну көрсөтүп беришти.
Ачык сабакта окуучулар менен кызыктуу маектешүүнүн жүрүшүндө өрт, суу коопсуздугун сактоону эскертишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР