Жаңылыктар

08.08.2024 12:56

   Кароолор: 610

НАРЫН: ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАЙЛЫ!

Кечээ, 7-августта Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары өрт кооптуулугунун алдын алууну түшүндүрүштү.

Себеби, жайкы аптапта тилсиз жоонун көбөйүшү толук мүнөздүү. Андыктан ак-талаалык куткаруучулар тоют топтоо кызуу жүрүп жатканда көп жылдык чөп жана эгин талааларында дыйкандар, жергиликтүү калк менен жолугушту.

Аларга өрт кырсыгынын алдын алуу, жол жээгиндеги куураган чөптөрдү өз убагында оруп-жыйноо жана техникалык коопсуздуктарын сактоону эскертишти.

Ошондой эле бул күнү жайында жайлоолордогу туристтерди кабыл алуу, эс алуу жайларында өрт коопсуздугун сакталышы боюнча көзөмөл жүргүзүлүп, алардын ээлерине жана туристтерге өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу