Жаңылыктар
17.05.2024 11:11
Кароолор: 288
НАРЫН: ОКУУЧУЛАРГА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
Ат-Башы районунун Жарандык коргонуу боюнча быйылкы жылдагы даярдык планынын негизинде 17-майда Кара-Суу айылынын К.Карпеков атындагы орто мектебинде тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Бул иш-чарада башкаруу курамынын, куткаруучу командалардын, Жарандык коргонуу кызматтарынын иш-аракеттери көрсөтүлдү.
Мугалимдерге жана окуучуларга өрт коопсуздугун, жаз-жай мезгилиндеги суу коопсуздугун сууга түшүүдө сак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүлдү.
Өрт өчүрүүчү шаймандар менен таныштырылып, эрежелерди сактоо менен адам өмүрүн сакталарын айтып беришти.
Машыгууга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, мектептин жаш ыктыярдуу өрт өчүрүү курамы тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР