Жаңылыктар
10.12.2024 12:40
Кароолор: 257
НАРЫН: ОКУУЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮШТҮ
Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери жакында Эмгекчил айылынын Т.Байбураев атындагы орто мектебинде пландын негизинде өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Алдын ала даярдалган сценарийге ылайык, өрт кырсыгы чыкканда мектеп имаратынан мугалимдерди, окуучуларды эвакуациялап, жабыркаган окуучуларга биринчи медициналык жардамын көрсөтүштү. Катышуучуларга техногендик жана табигый кырдаалдар учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоонуу эскерте кетишти.
Куткаруучу болууну кыялданган окуучуларга өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну, куткаруу учурундагы өз баштарынан өткөргөн окуяларды айтып, алардын берген суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле өзгөчө кырдаал каттарган учурда “101”, “112” кызматына кабарлоону эскертишти.
Иш-чаранын негизги максаты – өрт кырсыктарынын алдын алуу, ири чыгымдарга жол бербөө, адам өмүрү жана коопсуздугун сактоо.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР