Жаңылыктар

20.04.2024 10:57

   Кароолор: 135

НАРЫН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 2:29да Кыргызсандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. (Эмгекчил айылынан 6 чакырым чыгышка, Миң-Булак айылынан 9 чакырым түндүк чыгышка, Нарын шаарынан 9 чакырым түндүк батышка, Куйбышев айылынан 10 чакырым чыгышка).

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу