Жаңылыктар

24.01.2024 09:32

   Кароолор: 482

НАРЫН ОБЛУСУНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 24-январда саат 8:39да Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти.

Жер титирөө Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга (Жерге-Тал айылынан 12 чакырым, Нарын шаарынан 34 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу