Жаңылыктар
18.05.2025 18:57
Кароолор: 188
НАРЫН: НАРЫН ЖАНА КОЧКОР РАЙОНУНДА КАТУУ ШАМАЛ ҮЙЛӨРДҮН ЧАТЫРЛАРЫН УЧУРДУ
Нарын облусунун Кочкор районунда 18-май күнү алдын ала мааылмат боюнча, Сары-Булак айыл аймагында катуу шамал катталып, натыйжада Ак-Кыя, Төлөк айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ошондой эле Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагында да катуу шамал катталып, натыйжада Лахол, Жер-Көчкү айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымдалган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз "112" кызматына билдирүүнү эскертет! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР