Жаңылыктар

26.09.2024 10:58

   Кароолор: 163

НАРЫН: МЕКТЕПТЕ ӨРТТӨН САКТАНУУ САБАКТАРЫ СЫНАК МЕНЕН КОШТОЛДУ

Кечээ,, 25-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Котур-Суу айылында “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата Кызыл-Октябрь орто мектебинде “Жаш куткаруучу” аттуу окуучулар арасында сүрөт сынагы жана акыл эсти өнүктүрүүчү оюндар өткөрүлдү.

Кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү жана тобокелдигин азайтууга багытталган бул иш-чарада окуучуларга тилсиз жоодон коргонуу боюнча сабактар өткөрүлүп, атайын видеороликтер көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында сынактын катышуучуларына дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу