Жаңылыктар
19.03.2024 12:48
Кароолор: 544
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын медициналык колледжине өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Анын алкагында мугалимдер менен студенттерди эвакуациялоону жана жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүү жолун үйрөтүштү.
Ошондой эле жер титирөө жана өрт коопсуздугу боюнча сабак өтүп, атайын даярдалган слайд көргөзүлдү.
Кызматкерлер алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонууну жана жер титирөө учурундагы иш-аракеттерин түшүндүрүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР