Жаңылыктар
28.09.2023 14:51
Кароолор: 380
Нарын: Кырсыктын алдын алууга үндөгөн жөө жүрүш өттү
ӨКМдин Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан сайын белгиленүүчү "5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жөө жүрүш уюштурулду. Ага Нарын шаарынын вице-мэри Р. Орозбаев жана Нарын медициналдык колледжинин студенттери катышты.
Иш чарада куткаруучулар өрттү өчүрүүнүн ыкмаларын көргөзүшүп, ал шаңдуу ыр-күүлөр менен коштолду. Ошондой эле катышуучулар үчүн Өрт-куткаруу бөлүгүндө “АЧЫК ЭШИК” уюштурулуп, өрт өчүрүү техникалары, куткаруу иштериндеги шаймандар менен тааныша алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР