Жаңылыктар

25.09.2023 10:23

   Кароолор: 210

Нарын: Кырсыктардын тобокелдигин азайтууга бирге кадам

Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери "5-октябрь — кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата Өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистери менен биргеликте Нарын районундагы бардык орто билим берүү мекемелерин кыдырып өзгөчө кырдаал катталган учурда коопсуздук эрежелерин туура сактоону, өзүн алып жүрүүнү, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну, жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү жана ар кандай кырсыктардын алдын алууну түшүндүрүштү.

Кырсык катталган учурда өз убагында эвакуациялоо иштерин туура жүргүзүүнү айтып беришти.

Мындан тышкары Нарын шаардындагы орто билим берүү мекемелерине тизме боюнча ар күн сайын Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №16 ӨККБгө “Ачык эшик“ күнү уюштурулуп окуучуларга өрт өчүрүүчү техникалардын кылган кызматын, куткаруу иштериндеги шаймандардын иштетилишин жана куткаруучулардын бир күндүк жашоосу менен тааныштырып чыгышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу