Жаңылыктар

29.09.2023 16:26

   Кароолор: 547

Нарын: Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу өз колубузда

Кечээ "5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата" Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу өз колубузда" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Ага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбек Чукуев, ӨКМдин Жарандык коргонуунун башкы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов, облустук жана Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуунун курамы, тутумга кирген кызматтар, мекемелер, айыл аймактарынын ыктыярдуу куткаруу топтору жана жергиликтүү калкы катышышты.

Аталган иш-чаранын катышуучулары облустук Кызыл Ай коомунун ыктыярдуу куткаруучулары менен биргеликте табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктар катталган учурда аткарылчу көндүмдөрдү тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.

Учурда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жасалган иш-чаралар Нарын облусунун бардык райондорунда улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу