Жаңылыктар

14.10.2024 14:05

   Кароолор: 169

НАРЫН: КУТКАРУУЧУЛАР СПОРТ ОЮНДАРЫНДА КҮЧ СЫНАШТЫ

Өткөн апта соңунда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрү арасында иш менен спортту айкалыштыруу максатында райондор аралык мелдеш өткөрүлдү.

Аталган спорттук иш-чара Жумгал районунда уюштурулуп, куткаруучулар кичи футбол жана волейбол оюну боюнча мелдешишти. Анын жыйынтыгында эң мыкты командаларга жана мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

ӨКМ жетекчилигинин тапшырмасы менен куткаруучулар ар дайым спорт менен машыгып, ыкчам жана күжүрмөн даярдыкта турушу кажет. Мындан улам куткаруучулар арасында спорттук мелдештер уюштурулуп турат.

Андыктан Нарындын ар бир районунда куткаруучулардын спорттук эстафетасы өткөрүлмөкчү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу