Жаңылыктар

07.08.2024 09:06

   Кароолор: 356

НАРЫН: КУЛАНАК АЙЫЛЫНДА СЕЛ ЖҮРҮП, КУТКАРУУЧУЛАР 3 ҮЙДҮН КОРОО ЖАЙЫН ТАЗАЛАШТЫ

Нарын районунда саат 6-августта 21:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүрүп, Куланак айылындагы 42 турак үйдүн короо жайларын, ички чарбалык жолдорду каптап, 1 чарбалык көпүрө жабыркаган.

Жерине ӨКМдин Нарын райондук №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу 1 мотопомпа менен тартылган. Алар 3 турак үйдүн короо жайын жана 1 үйдүн ичин жана жертөлөсүнөн сууларды сордуруп, тазалап беришкен.

Калган турак үйлөрдүн көпчүлүгүнүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен. Ал эми бүгүн, 7-августта Жарандык Коргонуу кызматтары, куткаруучулар тарабынан тактоо жана тазалоо иш-чаралары улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу