Жаңылыктар
29.05.2024 14:32
Кароолор: 894
НАРЫН: КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРДЕ СУУГА ТҮШҮҮГӨ БОЛБОЙТ!
Жай мезгили жакындап суу жээктеринде эс алуучулар көбөйөт. Өзгөчө агыны шар сууларга түшкөн өспүрүмдөр коопсуздукту сактабайт. Андыктан кечээ, 28-майда Кочкор районунда агын суулардын, көлмөлөрдүн жээктеринде атайын эскертүүлөр тартылды.
Адамдардын өмүрүн коргоо максатында аталган райондун өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагындагы кооптуу тилкелерде “Сууга түшүүгө болбойт!” деген эскертүү белгилерин коюшту.
Рейддин жүрүшүндө суу жээкте жүргөн өспүрүмдөр менен маектешип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүп үйлөрүнө таратылды.
УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!
Жайкы каникулда балдарга өзгөчө көңүл буруп, өз алдынча сууга түшүүгө көзөмөлсүз жибербөөнү эскертебиз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР