Жаңылыктар

07.12.2023 11:34

   Кароолор: 232

НАРЫН: ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТАП, ӨРТ КЫРСЫГЫНАН АЛЫС БОЛУҢУЗ!

Өлкө аймагы кыштын босогосун аттап, үйлөрдү, имараттарды, соода жайларын жылытуунун ар кандай ыкмаларын колдоно башташты. Бул мезгил өрт коопсуздугуна оңой эле жол ачат.

Кыш айларында өрт коопсуздук эрежелерин так сактабагандыктан, тилсиз жоонун ар кандай түрлөрүнө кабылып, материалдык баалуулуктардын чыгымына дуушарланышат. Айрым учурларда адам өмүрү үчүн кооптуулук жаралбай койбойт.

ӨКМдин борбордук аппаратында өткөрүлгөн ар бир жыйында жетекчилик ушул маселени тынымсыз көтөрүп, тиешелүү башкармалыктарга коопсуз жашоону камсыздоо тапшырмасын беришет.

Тилсиз жоонун алдын алуу максатында 7-декабрда Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери шаардын борбордук базарынын “Эки-Нарын” жана “Чолпон” соода түйүндөрүндөгү сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Соодагерлерге кыш мезгилинде адистердин көзөмөлүнөн өткөн электр жылыткычтарын колдонууну, тез күйүп кетүүчү буюмдардан, кийим-кечелерден алыс жайгаштырууну жана мезгил-мезгили менен электр буюмдарын унутпай өчүрүүнү сунушташты.

Алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарын туура колдонууну, жакынкы жерде гидранттардын иштөөсүн текшерип, Жаңы жылдык майрам карата пиротехника каражаттарын сатыкка койбоону, анын зыяндуулугун түшүндүрүп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу