Жаңылыктар
16.02.2024 10:30
Кароолор: 555
НАРЫН: ЭЛЕТТЕ "ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ" КҮНДӨРҮ ӨТТҮ
Кечээ, 15-февралда ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү “Жарандык коргонуу” күндөрүн өткөрүштү.
Миң-Куш айыл аймагынын Котур-Суу айылындагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин окуучуларына өзгөчө кырдаалдарды, өрт кырсыктарын алдын алуу жана табигый кырсыктар учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүүдө.
“Жарандык коргонуу” күнүнүн алкагында табигый кырсыктар тууралуу видео роликтер көрсөтүлдү.
Мындан сырткары элет элине да өзгөчө кырдаалдарды, өрт кырсыктарынын алдын алуу жана табигый кырсыктар учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери үйрөтүүдө.
Жарандык коргонуу окууларын уюштуруу район аймагында жыл ичинде улантылмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР