Жаңылыктар
03.11.2024 08:58
Кароолор: 218
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН ЖАШ КЫЗДЫ ИЗДӨӨГӨ 77 АДАМ ЧЫКТЫ
Бүгүн, 3-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча Башкармалыгынан 10 куткаруучу, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 32 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 77 адам тартылган.
Белгилей кетсек, кечээ 2-ноябрь күнү Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына жаш кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ күнү ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер жалпы 87 адам издөө иштерин саат 21:55ке чейин жүргүзгөн.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР